“Жасалма интеллекттин кириши менен бир нече кесиптин ээлери ишсиз калышат, ошондуктан алар башка кесиптерге окушу керек”
22 сентябрь

“Жасалма интеллекттин кириши менен бир нече кесиптин ээлери ишсиз калышат, ошондуктан алар башка кесиптерге окушу керек”

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында балдар жана чоңдордун билим берүү күнүн 1-сентябрда эле чогуу белгилөөнү сунуштады. 

Эске салсак, буга чейин депутат Айсулуу Мамашева 17-апрелди чоңдорго билим берүү күнү деп белгилөө боюнча ЖК токтомун тааныштырган. 

“Бизде 1-сентябрь билим берүү күнү эмеспи, а эмнеге анда чоңдорго билим берүү күнүн өзүнчө белгилөө керек?” – деди депутат. 

Айсулуу Мамашева 1-сентябрь окуучулар үчүн билим күнү экенин, ал эми улууларды билим алууга умтултуу үчүн өзүнчө иш чаралар зарылдыгын түшүндүрдү. 

“Жасалма интеллектин кириши бир нече кесиптерди жоет. Ошол маалда биз чоңдорду башка кесиптерге ээ болууга чакырышыбыз керек. Бизде өзгөчө, улуулар башка кесипке ээ болууга умтулбайбыз. Аларга мотивация берип, квалификациясын өстүрүүгө, башка кесиптерге ээ болууга жана анда ийгиликке жетүүгө жол ачып беришибиз керек”, – деди Мамашева.

Айгүл Айдарова мектеп окуучуларына сабак берүүчү мугалим жетишпей жаткан учурда чоңдорго кимдер билим беришерине кызыкты. 

“Булардын баары токтомдо көрсөтүлгөн. Министрлер Кабинети баарын иштеп чыгат. Биз ата-энерлерден баштап, аларды билим алууга шыкактасак, балдар да умтула баштайт”, – деди Айсулуу Мамашева. 

Буга жооп иретинде Айгүл Айдарова “азыркы заманда 95 пайыз ата-энелердин билим алууга убактысы жоктугун” белгиледи.