Айсулуу Мамашева 17-апрелди чоңдорго билим берүү күнү деп белгилөөнү сунуштады
Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева Кыргызстанда 17-апрелди чоңдорго билим берүү күнү деп белгилөөнү сунуштады.
Ал бул боюнча Жогорку Кеңештин токтомун тааныштырды.
“Маалыматтык технология күн сайын өнүгүп жатат, ошондуктан билим алуу керек. Адамдар жаш курагына карабай өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек, бул учурдун талабы”, – деди ал.
Ошондой эле, депутаттын айтымында, бул күнгө карата Министрлер Кабинети тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып жана аны аткарууга жергиликтүү бийлик органдары да тартылышы шарт. Чоңдорго билим берүү боюнча семинар, конференциялар жана ЖМКларда материалдар уюштуруу зарыл.
