Менчиктештирилген мектеп жана анын жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
Талас областынын Манас районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, А.Усенбаев атындагы мектептин имараты жана 0,60 га жер аянты К.К.Ч. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен 6 млн 904 миң 900 сомдук мектептин имараты жана 0,60 га жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды.
