I , II инстанциясында административдик иштерди караган судьялардын окутуу боюнча Комплекстүү окутуу программасы башталды
Бүгүн, 22-сентябрда КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын I, II инстанциясындагы жергиликтүү сотторунун административдик иштерди караган судьялардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Комплекстүү окутуу программасы башталды.
Окутуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде 22-сентябрдан 3-октябрга чейин уланып, ага жалпы республикадан чакырылган судьялар катышат.
Эки жуманын аралыгында лектор катары КР Жогорку сотунун жанан жергиликтүү соттордун судьялары, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү болушат.
Окуунун алгачкы үч күнүндө катышуучулар судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун укуктук негиздери жана жол-жоболору, сот тутумундагы коррупциянын алдын алуу коррупцияга каршы саясат, ошондой эле адам укуктарын соттук коргоо: КРнын Эл аралык милдеттемелери сыяктуу темалар каралат.
Кийинки күндөрү административдик иштерге байланыштуу, административдик актыга, аракетке (аракетсиздикке) сотко чейинки даттануу, соттордун Кадастр мамлекеттик мекемесинин органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле, салык жана бажы мыйзамдарын бузууга байланышкан административдик органдардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу жөнүндө иштерди кароо практикасына жана башка ушул сыяктуу темаларга көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасынын азыркы администрацивдик укугу жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик (администрациялык) органдар менен болгон мамилелеринде алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу жана адилеттүү коргоону камсыз кылууга багытталган.
Ушул максатта Сот адилеттигинин жогорку мектеби комплекстүү окутуу программасын уюштуруп, ага катышкан судьяларга мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө жардам бере турган зарыл окуу материалдары менен камсыздады.
Окутуунун аягында судьялар тестирлөөдөн өтүшөт, анын жыйынтыгы боюнча аларга күбөлүктөр берилет.
