
Кыргызстанда 2024-жылы мектептеги тамактанууга дээрлик 1,5 млрд сом каралган
2024-жылга мектептеги тамактанууга республикалык бюджеттен 1 млрд 495,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, 21-октябрдан 23-октябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” деген темада семинар өткөрөт.
Семинар SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого багытталган.
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова семинарда жасаган баяндамасында 2023-2024-окуу жылынын аягында 2 140 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте башталгыч класстардын 600 миңге жакын окуучусу ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 920 мектепке, ал эми Мерсико 900 мектепке колдоо көрсөтүп келет. Эгерде 2022-2023-окуу жылында мектеп окуучуларынын тамактануусуна республикалык бюджеттен 652 млн 12,9 миң сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылга 1 млрд 495,9 млн сом каралган.