Жогорку Кеңешке "Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы" менен тааныштырылды
Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Аппарат кызматкерлерине бүгүн билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Батма Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз тилди санариптик окутуу" платформасы тааныштырылды.
Парламенттен кабарлашкандай, анын бет ачар аземине депутаттар Винера Раимбачаева, Жайлообай Нышанов, Чингиз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн эл өкүлү Винера Раимбачаева кыргыз тилин окутуунун санариптик платформасынын пайда болушу учурдун талабы экенин белгилеп, бул саамалык тилди жогорку деңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков да платформанын өзгөчөлүгүн белгилеп, чет мамлекетте жашаган мекендештер үчүн мыкты программа болгорун айтты. Депутаттар авторго бул эмгеги үчүн ыраазычык билдирди.
Батма Топоева-Ставинская платформа менен иштөөнүн усулдары менен тааныштырды.
Ал белгилегендей платформага кыргыз тилинин функционалдык грамматикасы, сүйлөшүү, которуу боюнча деңгээлдери жайгаштырылган жана беш тил бар. Платформага QR код аркылуу катталып алып, колдонуучулар үчүн тилди үйрөнүүгө өтө ыңгайлуу экендиги белгиленди.
