Ченемдик укуктук актылардын коррупцияга каршы экспертизасы боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери
21 октябрь

Ченемдик укуктук актылардын коррупцияга каршы экспертизасы боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери

Юстиция министрлигинде “Ченем жаратуучу ишмердүүлүк маселеринде коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдери” деген темада окутуу тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Окутуу 2025-2030-жылдарга КР коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Тренингде төмөнкү негизги темалар кеңири талкууланды:

  • Коррупцияга каршы механизмдерди колдонуу менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү;
  • Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби;
  • Ченем жаратуу техникасы коррупциялык ченемдерди минималдаштыруу куралы катары.

Бул тренинг ченем жаратуу процессинин бардык этаптарында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.