Ысык-Көл районунун Темир айылында жаңы балдар бакчасы курулду
Ысык-Көл районунун Темир айылында жаны бала бакча курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүү фондунан кабарлашты.
Курулуш толугу менен фонд тарабынан каржыланып, жалпысынан 70 млн. 410 миң сом бөлүнгөн.
Бала бакча 2 кабаттан туруп, 120 орунга ылайыкташкан.
Балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышына бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз кылынды. Буга чейин бала бакчанын жоктугу айылдын көйгөйлөрүнүн бири болсо, жаны бакчанын курулушу менен бул маселе толугу менен чечилди.
