Депутат: Чаткал районундагы мектепте мугалимдерге орун жоктугунан, коридордо туруп сабак өтүшөт
Алыскы Чаткал районунда мугалимдерге класстан орун тийбей, коридордо туруп сабак өтүүгө аргасыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Жайлообай Нышанов билдирди.
Айтымында, жакында Чаткал жергесинде барып келген.
«Коргон-Төбө айылында белгилүү ишмер Акназар Корчубековдун атын алып жүргөн мектеп бар. Имараты 1979-жылы 50 орунга эсептелип курулган. 2019-жылы 100 орундуу кошумча корпус курулган. Бирок ал талапка дооп бербейт. Өз көзүм менен көрүп келдим, класстар тар, мугалимге орун жок, коридордо туруп алып сабак өтүшөт», – деген депутат президенттин жана МинКабдын парламенттеги өкүлүнөн аталган мектепти жаңылоону 2025-жылдын капиталдык курулуштар тизмесине киргизип коюну суранды.
Ошондой эле, депутат Чаткал районундагы Капчыгай айылын башка айылдар менен байланыштырып турган көпүрөнүн четтерин суу алып кетип, авариялык абалга дуушар болгонун кошумчалады.
