Ноокат районунда 275 орундуу жаңы мектеп курулууда
18 август

Ноокат районунда 275 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Он-Эки Мойнок айылында жайгашкан 275 орундуу А.Сыранов атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрилигинен кабарлашты. 

Долбоорго ылайык, эски мектептин ордуна салынып жаткан жаңы мектеп эки кабаттуу курулуп, 4 блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап талаптарга ылайык шарттардын баары каралган. Жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланууда. 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда, учурда курулуш иштертеринин 80 пайызы бүткөрүлдү.