Жалал-Абадда милиционерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала бакча ачылды
21 октябрь

Жалал-Абадда милиционерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Аабад шаарында милиция кызматкерлеринин балдары үчүн арналган 120 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Балдар бакчасына айланган имарат мурда шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты болгон. 

Салтанаттуу ачылышка ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Иш-чарада аталган ачылыш милиция кызматкерлеринин сапаттуу ишин камсыздоо, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагындагы дагы бир жакшы жышаан экени белгиленди.

Имаратты оңдоп-түзөө иштерине ИИМ 50 млн сом акча каражатын бөлүп берген.