Жалал-Абадда милиционерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абадда милиционерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланган, мурунку шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 120 орундуу бала бакча катары пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Иш-чарада аталган ачылыш милиция кызматкерлеринин сапаттуу ишин камсыздоо, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагындагы дагы бир жакшы жышаан экени белгиленди.

Имаратты оңдоп-түзөө иштерине ИИМ тарабынан 50 млн сом акча карадаты ажыратылган.

21.10.2024 10:39:25