Бишкек шаарынын №56 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелеринин кайрылуусу
29 май

Бишкек шаарынын №56 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелеринин кайрылуусу

2025-жылдын 21-май күнү Бишкек шаарындагы №56 орто мектебинде кыргыз тили мугалими (ошол эле учурда окуу бөлүмүнүн башчысы жана китепканачы кызматтарын да аткарат) катышкан олуттуу окуя болуп өттү.

Күбөлөрдүн айтымында, ал күнү мугалим окуучулардын окуу китептерин кабыл алуудан баш тарткан. Окуучулар жардам сурап, учурда кош бойлуу (кош бойлуулугунун тогузунчу айында) класс жетекчисине кайрылышканда, китепканачы агрессия көрсөтүп, китептерди жерге ыргытып, мугалимди бөлмөдөн түртүп чыгарууга аракет кылган. Окуучулар өз мугалимин коргоп калууга аракет кылышкан, бирок китепканачы аларга да физикалык күч колдонгон – түртүп, колдорунан кармап, чымчылаган. Андан соң кош бойлуу мугалимди эшикке чыгарып, окуучуларды китепкана ичинде жаап салган. Эшикти ачуу өтүнүчтөрүнө жооп бербей, аны кийинчерээк – жогорку класстын окуучулары өтүп бараткан учурда гана ачкан.

Эртеси күнү – 22-майда – мектептин күзөтчүлөрүнө Билим берүү департаментинин жана ЖМК өкүлдөрүнүн келиши күтүлүп жатканы тууралуу маалымат берилген. Бирок күбөлөрдүн айтымында, имаратка эч кимди киргизүүгө тыюу салынган. Натыйжада, комиссия да, журналисттер да мектепке кире алышкан эмес. Объективдүү териштирүүнүн ордуна, мектеп жетекчилиги болгон окуя үчүн күнөөнү таптакыр тиешеси жок башка мугалимге жүктөөгө аракет кылган. Бул мугалим – чоң тажрыйбага ээ адис, мурда мектеп директорунун кызматын да аркалаган. Бирок болгон басымдан улам “өз каалоосу менен” кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Окуянын олуттуулугуна карабастан, мектеп администрациясы да, укук коргоо органдары да ыкчам чара көрүшкөн эмес.

26-майда кош бойлуу мугалим мектеп администрациясынын жана китепканачынын түздөн-түз басымынан улам милицияга жазган арызын кайтарып алууга аргасыз болгон. Мектептеги кырдаал акыркы бир нече айдан бери ата-энелерди жана мугалимдерди тынчсыздандырып келет. Жаңы келген администрация, анын ичинде аталган педагог, тажрыйбалуу мугалимдерди системалуу түрдө кысымга алып, иштен кетүүгө мажбурлап жатышат.

Башкарууга карата нааразычылыгын билдирген кызматкерлер куугунтукка кабылууда, аларга административдик кысым көрсөтүлүп, “берене менен” иштен алынуудан коркуп жатышат. Ата-энелер менен кызматкерлер төмөнкүдөй мыйзам бузуулар боюнча маалымат беришүүдө:

  • штатта туруп, иш жүзүндө мектепке келбеген, бирок эмгек акы алган кызматкерлер ("өлүк жандар");
  • тийиштүү педагогикалык билими жок адамдарды мугалимдик кызматка дайындоо;
  • аталган завуч-китепканачы тарабынан окуучуларга карата кыйкырып урушуу, китеп-тетрадь ыргытуу, физикалык күч колдонуу сыяктуу одоно жүрүм-турумдар (бул факт февраль айында катталган сөгүш менен да ырасталган).

Мындай олуттуу бузууларга карабастан, мектеп жетекчилиги эч кандай реакция көргөзгөн эмес. Аталган кызматкер өзүнүн "жогорку деңгээлдеги байланыштары бар" экенин айтып, жазасыз калуусуна ишеним артарын ачык билдирип келет. Акыркы жарым жыл ичинде мектеп администрациясынын курамы дээрлик толук алмашып, жаңы дайындалган кызматкерлердин көбү туугандык жана жакын байланыштар аркылуу киргени айтылууда. Ошол эле учурда билим берүү процессин өнүктүрүүгө багытталган иштер жүргүзүлбөй жатат.

Мындан тышкары, администрациянын чечими менен билим берүүдө маанилүү ролду ойногон салттуу мектептик иш-чаралар – биринчи класска арналган тосуп алуу, Жаңы жыл, Жеңиш күнү, Нооруз жана башка майрамдык иш-чаралар токтотулган. Бул иш-чаралар балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, өз алдынчалуулугун калыптандырууга жана мектеп жамаатындагы ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ушул жагдайларга байланыштуу, биз — Бишкек шаарындагы №56 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелери — Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине, прокуратурасына жана маалымат каражаттарына кайрылабыз:

  • 21-майдагы окуяны жана мектептеги жалпы абалды көз карандысыз, калыс иликтөөгө алууңуздарды;
  • мектеп администрациясынын аракеттерине жана аракетсиздигине укуктук баа берүүнү;
  • окуучулардын жана мугалимдердин укуктары корголушун камсыздоону өтүнөбүз.

Урматтоо менен, Бишкек шаарындагы №56 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелери