Илим министрлиги менен KARL Berufsbildungs-GmbH ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду
Берлин шаарында өткөн «Кыргызстандын улуттук экономикасынын күндөрү» алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Германиянын KARL Berufsbildungs-GmbH компаниясы кесиптик билим берүүнү дуалдык окутуу модели аркылуу өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.
Документке кыргыз тараптан министрдин орун басары Нурлан Омуров, ал эми KARL Berufsbildungs-GmbH тарабынан Ардактуу башкы консул Райнхольд Крэммель жана компаниянын менеджери Мирко Новак кол койду.
Тараптар Кыргызстанда кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, дуалдык окутуу системасын жайылтууга, окуу программаларын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүгө, өндүрүштүк практика жана тил даярдыгы программаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле квалификацияларды жана көндүмдөрдү таануу боюнча кызматташууну кеңейтүүгө макулдашты.
Меморандумга кол коюудан тышкары, министрдин орун басары Нурлан Омуров «Кыргызстандын улуттук экономикасынын күндөрү» иш-чарасынын бизнес программасынын бир бөлүгү катары Берлинде өткөн кыргыз-герман Иштиктүү кеңешинин жыйынына да катышты.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Омуров Кыргызстан кесиптик билим берүү системасын заманбап эл аралык тажрыйбалардын, анын ичинде дуалдык окутуунун элементтеринин негизинде туруктуу жаңылап жатканын баса белгиледи. Ал өндүрүштүк окутуу улуттук мыйзамдар менен бекемделгенин, бул билим берүү мекемелеринин ишканалар менен тыгыз кызматташуусуна укуктук шарт түзөрүн белгиледи.
Министрдин орун басары Министрлик дуалдык механизмдерди активдүү киргизип жатканын билдирип, сегиз колледжге алдыңкы тажрыйба борбору статусу берилип, аларда окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлгөнүн айтты. Мунун аркасында студенттер ишканаларда түздөн-түз практикалык көндүмдөрдү жана реалдуу өндүрүш шарттарында тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышууда.
Омуров Германиянын өнөр жайлык түзүмдөрү менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгилеп, Германиянын дуалдык билим берүү модели квалификациялуу кадрларды даярдоодо эталон болуп саналат деп айтты.
