Оштогу Фрунзе мектебинин аймагындагы курулуштар алынып, айланасы тосулду
Ош шаарындагы №24 Фрунзе атындагы мектептин аймагындагы курулуштар алынгандан кийин тегерегин тосуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мектептин кире беришине дарбаза орнотулуп, имараттын айланасы асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда мектеп имаратынын айланасын тосуу долбоорун толук аяктап, пайдаланууга тапшырды.
Бул долбоорду ишке ашыруу менен окуучулардын коопсуздугу камсыздалып, билим берүү мекемесинин инфраструктурасы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, аймагы мурунку абалына кайтарылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Фрунзе мектебинин аймагын соода түйүндөрү, унаа жуучу жай, ашкана жана соода күркөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган.
