Улуттук университетте заманбап 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплекси курулууда
30 ноябрь

Улуттук университетте заманбап 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплекси курулууда

Бүгүн президенттин тапшырмасынын негизинде президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде курулуп жаткан заманбап 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Каныбек Туманбаев билим берүү инфраструктурасын жаңылоо — өлкөнүн келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, Президенттин чечкиндүү колдоосу менен бул багыттагы ири долбоорлор активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

Курулуп жаткан 16 кабаттуу комплексте төмөнкүдөй кеңири мүмкүнчүлүктөр каралган:

• заманбап окуу аудиториялары жана лабораториялар;

• студенттер жана магистранттар үчүн жатакана;

• музей, китепкана жана чоң конференц-зал;

• окутуучулар жана чет элдик адистер үчүн бөлмөлөр;

• обсерватория, оранжерея, спорт жана медицина блоктору;

• кызматкерлердин балдары үчүн атайын бөлмө.

Курулуштун сапаты, коопсуздук талаптары жана долбоордун жүрүшү боюнча Туманбаев подрядчы компаниядан жана тиешелүү структуралардан маалымат алып, айрым маселелерди өз убагында жана тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди.