Россиянын жалпы билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн жаңы талаптар жөнүндө
21 март

Россиянын жалпы билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн жаңы талаптар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясында 2025-жылдын 1-апрелинен тартып "Россия Федерациясында билим берүү жөнүндө" Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирерин эскертет. Федералдык мыйзамдын жаңы талаптарына ылайык, чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарына алардын Россия Федерациясынын аймагында жүргөндүгүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документти көрсөткөн, ошондой эле орус тилин билүү боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн шартта кабыл алынышы мүмкүн.

2025-жылдын 4-мартында Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги тестирлөөнү өткөрүүнүн тартибин бекитти (2025-жылдын 4-мартындагы №170 буйругу менен - https://cdnstatic.rg.ru/uploads/attachments/2025/03/17/81552_df1.pdf).

Белгиленген эрежелерге ылайык:

  • мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында тестирлөө акысыз негизде жүргүзүлөт;
  • тестирлөөнүн узактыгы 80 мүнөттөн ашпайт;
  • тестирлөө оозеки жана жазуу бөлүгүнөн турат (биринчи класска бара турган балдардан тышкары, алар үчүн тестирлөө оозеки өткөрүлөт);
  • бала тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн учурда жалпы билим берүү уюмуна кабыл алынат;
  • тестирлөөдөн өтпөй калган учурда орус тилин үйрөнүү боюнча кошумча окуудан өтүү сунушталат;
  • 3 айдан эрте эмес убакытта кайрадан тестирлөөдөн өтүүгө болот.

Россиянын Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын чечими менен чет өлкөлүк жарандын орус тилин билүүсүн тастыктоо үчүн минималдуу балл үч балл деп белгиленген, бул орус тилин билүү деңгээлине коюлган талаптардын сакталышын тастыктайт.

Ушуга байланыштуу министрлик Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарынын жаңы талаптары менен алдын ала таанышууну, ошондой эле алардын өлкөдө мыйзамдуу болушун (жүргөндүгүн) тастыктаган бардык зарыл документтерди даярдоону сунуштайт.