Инклюзивдик окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
9 июнь

Инклюзивдик окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ Smart-Ed биргелешкен долбоору» боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору менен Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев тааныштырды.

Ал инклюзивдик сапаттуу билим берүүнүн инфраструктурасына жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын потенциалын бекемдөөгө, мугалимдерди даярдоого жана кайра даярдоого жана аларды жеке ноутбуктар менен камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жетүүнү жакшыртуу максатында улуттук компоненттин окуу-методикалык комплекстерин жаңылоого жана аларды нускалоого багытталган.

Долбоордун жалпы суммасы 25,25 млн АКШ долларын түзөт, пайыздык чен ­- 1,5 %, каржылоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 7 жыл жеңилдетилген мезгил.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Лейла Лурова аталган долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине көп тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады. Депутат Чыңгыз Айдабеков кредиттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу керектигин айтып, аймактарда инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп беришти.