Ысык-Ата районунда жакынкы күндөрү социалдык объектилерди капиталдык оңдоо жана жаңы объектилерди куруу иштери башталат
Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы калктуу конуштарда жайгашкан социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү жана мектепке чейинки тарбия берүү тармагындагы объектилер каралды: Алмалуу айылындагы О. Бөлөбалаев атындагы орто мектеп жана бала бакча, Интернационал айылындагы бала бакча, Ново-Покровка айылындагы бала бакча, №1 жана №3 мектептер, ошондой эле мурда курулушу токтотулган бала бакчанын имараты.
Азамат Осмонов имараттардын учурдагы абалы, балдардын билим алуусу жана тарбияланышы үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, объектилерди нормативдик талаптарга ылайык келтирүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.
Иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоодон өткөрүү менен катар, райондо жашоочулардын шарттарын жакшыртууга багытталган жаңы социалдык объектилерди куруу да пландалууда.
Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү туруктуу көзөмөлдө болот.
