Ош: Озгур айылына жаңы мектеп салынды
Ош шаарынынын Озгур айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 104 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектептин аянты 2099 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттуу окуу корпусу, өтмөк галерея жана спорт залы каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптын негизинде аткарылып. Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.
