Бекешев ЖОЖдордогу студенттерден бир “нб” үчүн миң сом алган практиканы жокко чыгарууну талап кылды
23 декабрь

Бекешев ЖОЖдордогу студенттерден бир “нб” үчүн миң сом алган практиканы жокко чыгарууну талап кылды

Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайларындагы контракттар көбөйгөнү аз келгенсип, студенттерге карата “бизнес” жолго коюлганын билдирди.

Айтымында, мындай практика Медициналык академияда жана башка колледждерде иштеп жатат.

“Ушул окуу жылынан тартып ооруп сабакка келе албай калган студент бир “нб” үчүн миң сом төлөп калыптыр. Бул эмне деген бөлүү? Сен байсыңбы – анда төлөп кой, кедейсиңби – анда ооруп жатсаң да кел дегениби? Билим берүү системасында мындай болбошу керек. Муну токтоткула”, – деди депутат.

Ошондой эле контракттар кымбаттап кеткенин кошумчалады.

Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин өкүлү контракттардын өсүш себебин мындай түшүндүрдү:

“2021-жылы президенттин жарлыгы менен контракттарга мараторий киргизилген. Анын негизинде беш жыл контракт өзгөрүүсүз калды. Быйыл мараторийдин мөөнөтү бүтүп, көтөрүлдү. Негизи контракт инфляцияга жараша 10-15 пайызга көтөрүлүп турат. Анткени жогорку окуу жайлары өздөрүн өздөрү каржылайт: айлык акы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырышат”.