Новопавловка МАБнын №117 мектебине кошумча корпус курулду
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн өлкө боюнча бир эле убакта 15 социалдык объект онлайн форматта ачылды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда ААРдин алкагында Ленин районунун курамына кирген «Новопавловка» МАБда №117 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин кошумча имараты ачылды.
Шаар мэри жаңы имарат менен таанышып, заманбап окуу жана адистештирилген лабораториялар менен таанышып, билим берүү уюмунун кызматкерлери менен баарлашты.
Белгилей кетсек, жаңы имаратта компьютер кабинети, балдар жана кыздар үчүн кол өнөрчүлүк кабинеттери, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган.
Мекеме 500 балага ылайыкташкан.
