Бишкек мэриясында мамлекеттик тил маселеси талкууланды
23 декабрь

Бишкек мэриясында мамлекеттик тил маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилди колдонуу маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев аталган мыйзамдын негизги жоболоруна кеңири токтолуп, мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тарабынан мамлекеттик тилди колдонууда кетирилип жаткан кеңири таралган кемчиликтерди белгилеп өттү.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык мэрия тарабынан мамлекеттик тилдин бардык тармактарда колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулуп, туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Улуттук комиссиянын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик тилди жайылтуу жана үйрөнүү максатында ишке ашырылып жаткан санариптик демилгелер тууралуу маалымат берилди.

Алардын катарына төмөнкү платформалар кирет:

“Айтил” кыргыз тили менен иштөөгө арналган жасалма интеллектке негизделген система;

“Кыргызча оңой / Easy Kyrgyz” мамлекеттик тилди үйрөнүүгө багытталган онлайн-платформа;

“Бал тил” балдар үчүн таанып-билүүчү мобилдик колдонмо.

Мындан тышкары, document.gov.kg порталы аркылуу 700дөн ашык документтердин үлгүлөрү, ошондой эле окутуучу видеоматериалдар коомчулукка жеткиликтүү.