Оштун мэри №8 Горький мектебинин абалы менен жеринде таанышты
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда №8 Горький мектебине барып, абалы менен жеринде таанышты. Билим уясында окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ошондой эле мектептин жанында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды кыдырды. Билим берүү мекемесинин аймагына 5 турак-жай жана 3 коммерциялык обьект курулуп калган. Алар “Реми” рестораны, “Айгат” кафеси жана “Салам” мейманканасы.
Шаар башчысы жеке менчикке өтүп кеткен социалдык обьектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар мектептеги парта, отургучтарды алмаштырууну, дагы башка кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
