Кара-Көл шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды
13 февраль

Кара-Көл шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылында курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Эки кабаттуу мектепке чейинки мекеменин курулушу 2022-жылдын ноябрь айында башталган.

Долбоорго жалпы 52 млн 358 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен 42 млн сомго жакыны жергиликтүү бюджеттен, калган сумма “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын каражаттарын башкаруу боюнча түзүлгөн атайын эсеп” мамлекеттик дирекциясы тарабынан каржыланган.

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышып, жергиликтүү жашоочуларды жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, мекемеде өлкөнүн керегине жараган, билимдүү уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын билдирди.