Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында алгачкы бала бакча курулууда 
25 февраль

Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында алгачкы бала бакча курулууда 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кен-Сай айылында 120 орунга ылайыкташкан жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. 

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 76,6 млн сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, бала бакча эки кабаттан турат. Анда балдардын тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, окуу топтору, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу бөлүмү каралган.

Бул объект Кен-Сай айылында курулуп жаткан алгачкы бала бакча болуп саналат. Анын ачылышы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.