Кыргызстанда балдардын китепке жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү маанилүү долбоор ишке ашты
Бүгүн «Тоо балдары» коомдук фондуна кыргыз тилиндеги китептерди расмий тапшыруу аземи болуп өттү, деп кабарлайт КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы.
Маалыматка ылайык, бул демилге Кыргызстандын алыскы аймактарындагы 50гө жакын мектепке кыргыз тилиндеги адабиятты жеткирүүгө багытталган.
«Кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу – бардык тармактардын өкүлдөрү биргеликте аракеттенүүсүн талап кылган орчундуу маселе», – деп айтылат билдирүүдө.
Китептер "Турар" басмасынан жарык көрүп, жаш муундун жомоктор дүйнөсүнө тартылуусуна, окууга болгон кызыгуусун арттырууга да чоң өбөлгө түзөт.
