Баткен облусунда 2024-жылы 14 мектептин курулушу аяктады
Баткен облусунда 2024-жылы 14 мектептин курулушу аяктады, деп билдирет президенттин облустагы өкүчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Алар;
- Баткен шаарындагы С.Айтматов орто мектеби
- Баткен районунун Таян айылындагы Таян орто мектеби
- Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков орто мектеби
- Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы К.Саттаров орто мектеби
- Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан орто мектеби
- Кадамжай районунун Чандеки айылындагы Х.Жаныбеков орто мектеби
- Кадамжай районунун Халмион айылындагы Халмион орто мектеби
- Кадамжай районунун Алыш айылындагы Козубаев орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
- Лейлек районунун Комунизм айылындагы Сары-Дөбө орто мектеби
- Лейлек районунун Лайли айылындагы Лайли орто мектеби
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
- Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Андарак орто мектеби
- Лейлек районунун Коргон айылындагы К.Сабыров орто мектеби
- Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
Белгилей кетсек, 2023-жылы Баткен облусунда 31 мектептин курулуш, капиталдык оңдоп түзөө, долбоорлоо иштери жүрүп, жыл соңуна 14 билим берүү мекемесинин курулушу аяктап, эксплуатацияга тапшырылган.
