
Кыргызстандык окуучулар Азиялык физика олимпиадасында 2 коло медаль жеңип алышты
2025-жылдын 4 – 12-майында Сауд Аравиясында Азиялык физика олимпиадасы (APhO) болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы эл аралык аренада өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп, 2 коло медаль, 4 Ардак грамота (Honourable Mention) жеңип алды.
Бул – өлкөбүздүн APhO тарыхындагы эң жогорку жыйынтыгы. Кыргызстандын курама командасы 18 жылдан бери бул олимпиададан бир дагы медаль ута албай келген. Быйыл Кыргызстандын командасы дароо 2 коло медаль, 4 Ардак грамота алып, тарых жаратты.
Жеңүүчүлөр:
Анаралы уулу Эмир – коло медаль, 12-класс, UWIS мектеби
Мугалимдери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
Абдиев Аскар – коло медаль, 11-класс, НШЛИТ
Мугалимдери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
Салиев Темирхан – Ардак грамота, 10-класс, Кадамжай “Семетей” лицейи
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
Абылаев Ахмед – Ардак грамота, 10-класс, Сейтек Стем мектеби
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
Эмилбеков Айтегин – Ардак грамота, 10-класс, Газпром мектеби
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
Баратали Бектур – Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектеби
Мугалими: Сатыбалдиев Дүйшөн