www
2 март
Агартуу министри Баткен облусундагы мектептерди кыдырат
Агартуу министрлигинин жетекчилиги 2026-жылдын 3-4-март күндөрү Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу ведоммстводон кабарлашты.
Сапардын алкагында санариптик платформалардын колдонулушу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү жана пайдаланылышы, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле предметтик стандарттардын ишке ашырылышы боюнча иштер каралат.
Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшү, мектептер менен бала бакчалардын абалы менен таанышып, алыскы аймактардагы калктын чечилбей келген суроолоруна жооп берилет.
Жарандарды кабыл алуу Раззаков шаардык мэриясынын имаратында саат 15:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлөт.
