Ысык-Көл облусунда 100 орундуу эки бала бакча ачылды
Ысык-Көл облусунда 100 орундуу эки бала бакча ачылды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республика боюнча 13 социалдык объект онлайн-режимде ачылды.
Алардын катарында Ысык-Көл облусунун Даркан жана Ан-Остон айылдарында 100 орундуу эки бала бакчанын ишке берилгени өзгөчө мааниге ээ.
Даркан айылындагы бала бакчанын ачылыш аземинде облус башчысы Бакытбек Жетигенов балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Жаңы бала бакчалар аймактарда мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүүгө, жаш балдардын сапаттуу тарбия алуусуна жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
