Быйыл Бишкектеги мектеп жана бала бакчалардын ичи-тышына камералар орнотулат
Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылын коопсуздукту 100 пайыз камсыздоо менен баштайт. Мэриянын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын айтымында, буга чейин ар бир мектеп жана бала бакча жүзүнөн таануучу камералар менен камсыздалган.
«Ар бир мектепке жана бала бакчага экиден жүзүнөн таанычу камера орнотулган. Периметр толук болушу үчүн бири имараттын алдына, бири артына жайгаштырылган. Эми жаңы окуу жылына карата имараттардын ичине камералар орнотулат. Коридорлорго, мектептерде окуучулар арасындагы ар кандай укук бузууларды алдын алуу үчүн тепкичтерге, анчалык көрүнө бербеген жабык жерлерге. Бул үчүн мэрия жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, тендер өткөрүлдү, келишим түзүү деңгээлине жеттик. Ал аяктааары менен камералар коюла баштайт. 1-сентябрга чейин бүткөрүүнү ниеттенүүдөбүз», – деди ал.
Айтымында, административдик-аймактык реформадан улам Бишкек шаарына караган мектеп жана бала бакчаларды да жүзүнөн таанычу камералар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.
