Жаңы медициналык факультет Кыргызстан үчүн дарыгерлерди даярдайт
25-июлда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан мырзанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы – медициналык кадрларды даярдоо жана Түркия Республикасынын Медицина илимдери университети менен өнөктөштүктө ачылган Медициналык факультеттин ишке кириши болду.
Министр Эркин Чечейбаев «Манас» университетинин базасында медициналык факультетти түзүү – квалификациялуу медициналык кадрларга болгон туруктуу муктаждыкты эске алганда, өз учурунда кабыл алынган маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал медициналык билим берүү багытындагы аракеттерди координациялоо зарылдыгын баса белгилеп, студенттердин практикалык даярдыгын камсыздоо жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жумушка орноштурууга көмөктөшүү боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Тараптар кадрларды максаттуу багытта даярдоо маселеси боюнча өз ара түшүнүшүүнү ырасташты: окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик саламаттык сактоо системасында иштеп, анын өнүгүшүнө жана чыңдалышына салым кошушат деп күтүлүүдө. Окуу программасы мамлекеттер аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып, Кыргызстандын аймагында билим берүү жана Түркияда клиникалык практика өтүүнү камтыган көп баскычтуу даярдоону көздөйт.
Окуу процесси эл аралык талаптарды эске алуу менен түзүлүп, эки өлкөнүн окутуучуларынын катышуусунда жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөргө берилчү дипломдор Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аймагында таанылат.
