Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты
9 июнь

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

Алмазбек Акматалиев Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Алмазбек Акматалиев 2018-жылдан бери Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматын аркалап келген. 

Президенттин башка жарлыгыка ылайык, Айгюль Калчакеева Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.