Рахат Мусаева: Мугалимдер таңкыстыгын чече албасак, мектептерге студенттерди тартабыз
25 июль

Рахат Мусаева: Мугалимдер таңкыстыгын чече албасак, мектептерге студенттерди тартабыз

Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева мектептерде мугалимдер канчалык деңгээлде жетиштүү экенин айтып берди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө мугалимдерге таңкыстык маселеси бар, аны чечүү үчүн Агартуу министрлиги менен биргеликте аракеттер жүрүп жатат.

«Жакында жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү мектептерге бөлүштүрүлөт. Биз ЖОЖдорго канча мугалим, кайсы предметтер, кайсы тилдеги окутуу боюнча жетишпей турганы тууралуу так маалымат бергенбиз. Эми анын негизинде бүтүрүүчүлөрдүн бөлүштүрүлүүсүн күтүп жатабыз. Ошондой эле, ЖОЖ ректорлору менен мектеп жетекчиликтери иш жүргүзүп, студенттер мектепте иштесе болоору белгиленди. Биз азыр бала бакчаларда тарбиячы болуп иштеген, бирок кесиби башталгыч класстын мугалими болгондорду таап, мектептерге тартууга аракеттенип жатабыз. Эгерде ушул аракеттерибиздин жыйынтыгында да, мектептерге мугалимдерди жетиштүү камсыз кыла албай калсак, анда студенттерди ишке алууга туура келет», – деди Мусаева.

Ошондой эле, ал убагында педагогикалык билим алып, бирок турмуш шартынан улам кесиби менен иштей албай калгандар кайрылса болоорун кошумчалады.

«Көп жыл кесиби менен иштебей калгандарга эч кандай өзгөчө талаптар жок. Кадимкидей эле жумушка алынат. Болгону Агартуу министрлигинин алдындагы кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү институтундагы окуу курсунан өтүүгө туура келет», – деди.