2-класстар үчүн “Табигый илимдер” окуу китеби басылып чыкты
“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстери басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 17-ноябрда министрликтин өкүлдөрү китептерди кабыл алышты.
Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.
“Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 271 150 сом каражат жумшалды.
