Электрондук каттоо: 10-августка жакын ата-энелерге кайсы мектептерде кошумча орундар пайда болгону тууралуу маалымат берилет
Бишкекте билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы атайын комиссия тарабынан текшерилип, санитардык абал, көрктөндүрүүгө көңүл бурбаган мектептердин жетекчилигине тартиптик жазалар колдонулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдирди.
Айтымында, Бишкекте буга чейин 120 орто мектеп жана 118 бала бакча бар болгон, бирок администравтивдик – аймактык реформанын негизинде, шаардын аянты кеңейип, аны менен катар шаарга караган билим берүү мекемелери да көбөйдү. Бул жылы аларды оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө мэрия жергиликтүү бюджеттен 200 миллион сом бөлгөн.
Ошондой эле, Мусаева белгилегендей, учурда Бишкек шаарындагы мектептерде 1- жана 2-класстарга окуучулар үчүн 1840 орун бош, жеңилдик боюнча 1937 орун өз ээлерин күтүүдө.
“Бирок ага карабай ата-энелерден балдарын үйүнүн жанындагы мектепке каттай албай калгандары тууралуу кайрылуулар келип жатат. Биз кошумча класстарды ачалы деп иштеп жатабыз. Айрым мектептерде илгери класстык бөлмөлөр кампа жайларга айланып кеткендер бар экен. Ошолорду бошотуп, оңдоо иштерин жүргүздүк. Эми акимчилик, МТУ менен биргеликте канча окуучу каттала албай калганын аныктап, ошончо орун түзүүгө аракеттенебиз”, – деди ал.
Ал 10-августка жакын 1- жана 2-класска барчу балдары бар ата-энелерге кайсы мектептерде канча кошумча орун ачылганы тууралуу маалымат берилээрин билдирди.
