“Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт
10 январь

“Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт

2025-жылдын 8-январынан баштап “Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт. 

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык студент 1-курсту аяктагандан кийин жана 3-курстун 2-семестринен кечиктирбестен которула алат, анткени окуунун биринчи жана акыркы курстарында которууга тыюу салынат. 

Которууда студенттин англис тилинин деңгээли АЭУнун атайын тести – AIU EPT менен текшерилет, анткени бул студенттин которулуусунун милдеттүү шарты. Окууну улантуу үчүн студенттин англис тили деңгээли Intermediate жана андан жогору болушу керек.