Өзгөн районундагы Жылалды айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор боюнча, объектинин жалпы аянты 2005 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереясынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, жыйындар залы, дарыгердин бөлмөсү жана эмгек сабагы үчүн класстар каралган.
Курулуш иштери 2022-жылы башталган, учурда 52 пайызы бүткөрүлүп,быйыл жыл аягына чейин курулуш иштерин толук аяктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан эски мектеп 220 орунга ылайыкташып, 1972-жылы пайдаланууга берилген. Ал жерде азыркы тапта 600 окуучу билим алып келет.
