Агартуу министрлиги
11 август
Кыргызстандык окуучулар ЖИ боюнча эл аралык олимпиадада алтын жана күмүш медаль утту
Кыргызстандын курама командасы Жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиадада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалга, ошондой эле ардак грамотага ээ болду.
Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, олимпиада 2026-жылдын 2–8-августунда Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага 106 өлкөдөн 400дөн ашуун мектеп окуучусу катышты.
Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:
- Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу — алтын медаль;
- Сабыр Алымбеков, “Маариф” билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Айвар Тынчтыкбеков, “Акылман” президенттик мектебинин 9-классынын окуучусу — ардак грамота;
- Аруке Сулайманова, №6 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу — олимпиаданын катышуучусу.
Өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 15-орунду ээледи.
Команданын жетекчилери — Исхак Тажибаев, Мамат Ишматов жана Артём Александрович Беляев.
Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиада (IOAI) мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп, машиналык үйрөнүү, маалыматтар менен иштөө жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды камтыйт.
