Өзгөн районунда 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды
28 май

Өзгөн районунда 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагынын Төөлөс айылында заманбап 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Эки кабаттуу балдар бакчасынын имараты бардык талапка ылайыктап курулуп, балдарга керектүү шарттар менен жабдылган.

Салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттукташты.

Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана бүгүнкү күндө толугу менен аяктап, пайдаланууга даяр.

Имараттын жалпы тендердик баасы 26 миллион 980 миң 210 сомду түзөт.