Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө
28 май

Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө

Бишкек шаарында бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган “Улуу мурас баланын жүрөгүндө” аттуу майрамдык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, таң эртең менен Театралдык бакта башталган иш-чарага келген кичинекей меймандарды ар түрдүү темадагы он интерактивдүү зона тосуп алды.

Ар бир аянтча балдарга кубаныч тартуулап, жаңы таасирлерди жана пайдалуу маалыматтарды берүү максатын көздөдү.

Майрамга катышкан агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров балдарды куттуктап, жакшы тилектерин айтышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар Кыргыз Мамлекеттик циркинде да болушту.