Кесиптик лицейде мамлекеттик каражатты кыянат пайдалануу фактысы аныкталды
Ош областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Араван районундагы № 112 кесиптик лицейинин кызмат адамдары 2024-жылы мекемеде билим алган окуучуларга иш жүзүндө кургак тамак (азык-түлүк) берилгендиги, мугалимдерге эс алууга, кесиптик майрамына акча каражаттар бөлүнгөндүгү, материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгү жана 99 тонна көмүр келгендиги жөнүндө расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, мамлекетке жалпы 1 млн 640 миң 943 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.
Жогорудагы фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
