Кыргызстандык окуучулар 10-Европалык өспүрүмдөр арасындагы информатика олимпиадасында күмүш жана коло медалдарга ээ болушту
2026-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин Литванын Каунас шаарында информатика боюнча 10-Европалык өспүрүмдөр олимпиадасы (EJOI 2026) болуп өттү. Олимпиадага 15 жашка чейин мектеп окуучулары 25 өлкөдөн катышты.
Кыргызстандын атынан олимпиадага төрт окуучу катышып, алардын экөө байгелүү орундарга ээ болуп, дагы экөө ардак грамоталары менен сыйланышты.
Күмүш медалга ээ болгон:
Азирет Исраилов, 10-класстын окуучусу, Intellect Pro School.
Тренери: Медербек Осмонов.
Коло медалга ээ болгон:
Арлан Саят, 9-класстын окуучусу, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Тренери: Мамат Ишматов.
Ардак грамоталары менен сыйланышты:
Эмирхан Сыдыкбаев, 9-класстын окуучусу, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Тренери: Евгений Кичак.
Бектен Абдувалиев, 9-класстын окуучусу, International School of Kyrgyzstan.
Тренери: Кылычбек Урайымов.
Команданын жетекчиси – Медербек Осмонов.
Команданын жетекчисинин орун басары – Адиль Ахметов.
