Жалал-Абад: Кумдагы бала бакчанын курулушу аяктап калды
23 декабрь

Жалал-Абад: Кумдагы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Аксы районунун Кум айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Объекттин курулуш иштери быйылкы жылдын март айында башталган. Учурда имараттын ички монтаждоосу жүргүзүлүп, сырткы оюн аянтчалары жасалууда.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 48 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.