Кыргызстан менен Пакистан илимий-техникалык кызматташтыкты бекемдөөдө
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документ илим, технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн илимий уюмдарынын, жогорку окуу жайларынын жана изилдөө борборлорунун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзүүгө багытталган.
Макулдашуу биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-техникалык маалыматтар менен, адистер, изилдөөчүлөр жана эксперттер менен алмашуу, ошондой эле биргелешкен илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.
Документ эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана кыргызстандык жана пакистандык окумуштуулар үчүн биргелешкен изилдөөлөргө, академиялык алмашууларга жана башка илимий демилгелерге катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жагынан өзгөчө мааниге ээ.
Кызматташтыктын алкагында тараптар тажрыйба алмашууга жана өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган илимий иш-чараларды, конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды жана жумушчу жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүүнү да көздөшөт.
Макулдашууга кол коюу илим жана технологиялардын келечектүү багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, инновациялык иштеп чыгууларды киргизүүгө жана эки өлкөнүн илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги аталган макулдашуунун эл аралык илимий-технологиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү үчүн маанилүүлүгүн белгилейт жана илим, технологиялар жана инновациялардын артыкчылыктуу багыттары боюнча пакистандык тарап менен кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө даяр.
