Медициналык окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акысы 2026-жылы 50 пайызга көбөйөт
20 июнь

Медициналык окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акысы 2026-жылы 50 пайызга көбөйөт

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдиргендей, өлкөдө 28 медициналык орто окуу жайы бар: анын 15и мамлекеттик, 13ү жеке менчик. 

“Медколледждердин мугалимдеринин айлык маянасы 11 миң сом. Буларды же врачтарга кошпой же билим берүүгө анчалык тиешеңер жок кыязында Билим берүү министрлигинде көңүлгө алынбай, орто жолдо калып калышкан”, – деди министр. 

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Каракол шаарындагы медициналык окуу жайынын имараты начар абалда экенин айтып, өлкөдө медайымдар жетиштүү болушу үчүн биринчи аларга билим алуусуна татыктуу шарт түзүү керектигин эске салды. Ошондой эле, медколледжердин мугалимдеринин айлык акысы качан көтөрүлөөрүнө кызыкты. 

“2026-жылдын апрелинен тартып врачтардын, медайымдардын, фельдшерлердин, санитарлардын жана медициналык окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акысы 50 пайызга көбөйөт”, – деди Чечейбаев.