Талас: Кара-Суу айылында 48 жылдан кийин жаңы мектеп курулууда
5 август

Талас: Кара-Суу айылында 48 жылдан кийин жаңы мектеп курулууда

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылындагы курулушу көп жылдан бери бүтпөй келген Айтбаев атындагы мектепти жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Долбоор боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат; эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт зал. Жалпы аянты 948 чарчы метрди түзөт.

Мектептин эски имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоодон өтпөй авариялык абалга келип калган.