Абакиров: Кыргызстанда окуучулардын саны 50 пайызга, а мектептердин саны 200 даанага көбөйдү
Депутат Элдар Абакиров өлкөдө мектеп көйгөйү дагы деле курч бойдон турганын айтты.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Кыргызстанда окуучулардын саны болжол менен 50 пайызга көбөйгөнүн, бирок мектеп окуучулардын санына жараша болбой жатканын белгиледи.
“2010-жылы окуучулардын саны 1 миллион болчу, 2021-жылы 1,5 миллионго жетти. Ошондо дээрлик 50 пайызга көбөйдү, бирок мектептердин саны көп көбөйгөн жок, мурда 2100 мектеп бар болсо, азыр 2300. Айырмасы 200 гана. Мектептерди көп куруу керек”, – деди ал.
Ошондой эле, ал мектептердин ичинде дагы класстардын жетишпестиги көйгөй жаратып жатканын билдирди. Айтымында, бир класста 40-50 окуучу отурат, анын баарына жетишүү мугалим үчүн мүмкүн эмес. Ушундай эле көрүнүш жогорку класстарда да бар.
Финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев мектептер курулуп жатканын, учурда басып мектептердин санына эмес, андагы орундардын санына жасалып жатканын белгиледи.
“Ооба, жетишпестик бар. Айрыкча Бишкек жана Ош сыяктуу чоң шаарларда. Азыр мектеп курууга жер издеп жатабыз”, – деди министрдин орун басары.
Абакиров ошондой эле, мугалимдердин айлык акысына да токтолду. Ал мугалим орточо эсеп менен 20-25 миң айлык алаарын, бул өтө аз экенин айтты.
