ОшМУда социомаданий илимий изилдөө борбору ачылды
24 февраль

ОшМУда социомаданий илимий изилдөө борбору ачылды

Индустриалдык-педагогикалык колледжде 21-февралда социомаданий илимий изилдөө борбору ачылды. Бул тууралуу ОшМУдан кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин профессору, академик Абылабек Асанканов, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Элзарбек Эшаров, илим изилдөө бөлүмүнүн башчысы жана окумуштуулар катышты.  

Аталган жайда тарых, социология, география, экономика сыяктуу тармактар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле "IBM SPSS Statistics N22" программасы толук ишке кирип, социалдык сурамжылоолорду түзүү жана илимий талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Илимий изилдөө борбору "Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы этностук жамааттар арасындагы этнодемографиялык процесстерди изилдөө жана прогноз жүргүзүү" долбоорунун алкагында ишке ашты.